Глобалдуу өзгөрүүлөрдүн жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн дүйнөсүнө кош келиңиз! Мында сиз акылман башкаруучу болуп, "Европа 1784" аттуу кызыктуу геосаясий стратегиялык оюнунда өз элиңизди жеңишке жетелейсиз. Бул жеке версияңыздагы тарыхты жазуу үчүн берилген өзгөчө мүмкүнчүлүк болмокчу. Мында Орус империясы менен Франция, Маратха империясы менен Цин империясы, Жапония менен Чосон, Ыйык Рим империясы менен Осмон империясы кагылышат. Европа, Түндүк Африка жана Азия — басып алуу, тынчтык келишимин түзүү, соода жүргүзүү жана изилдөө үчүн ачыла элек аймактар. Өзүңүз башкара турган өлкөнү тандап, падышаларга жана императорлорго каршы чыгыңыз!
Дипломатия менен саясий амалкөйлүк – ийгиликтин ачкычы. Кошуналар менен кол салбоо пакттарын түзүп, кубаттуу альянстарды курап, дүйнөлүк аренадагы маанилүү добуш берүүлөргө катышыңыз. Бирок, сак болуңуз — согуш ар дайым коркунуч туудуруп турат, андыктан кырдаал талап кылганда, өлкөңүздү коргоого даяр болушуңуз керек.
Бирок дипломатия – бул бийликтин бир гана тарабы. Ошондой эле өлкөңүздүн экономикасын башкарууга туура келет. Куралдуу күчтөр менен өлкөнүн экономикасын камсыздоо үчүн зарыл болгон азык-түлүктөрдү, аскердик техниканы, курал-жарактарды жана башка ресурстарды өндүрүңүз. Имараттарды салып, технологиялык билимиңизди арттыруу үчүн изилдөөлөрдү жүргүзүп, элиңизди жеңилбес мамлекетке айландырыңыз.
"Европа 1784" оюну сизге тарыхты өзгөртүүгө өзгөчө мүмкүнчүлүк тартуулайт. Сиздин дипломатиялык жана стратегиялык чечимдер элиңиздин келечегин аныктайт. Сизге чексиз мүмкүнчүлүктөр берилет жана чыныгы лидер катары сиздин миссияңыз —элиңизди улуулукка жеткирүү болуп саналат.
Оюндун мүнөздөмөлөрү:
❆ Улуу колбашчынын армиясы ❆
Мушкетёрлор, гренадерлер, драгундар, кирасирлер, замбиректер жана аскер кемелеринен турган кубаттуу армия түзүңүз. Аскердик мыйзамдарды кабыл алып, мобилизацияны жана аскердик өндүрүштү күчөтүңүз. Армияңызды машыктырып, согушуу тажрыйбасын арттырып, согуш өнөрүн изилдеңиз. Согуш — күчтүүлөр менен кайраттуулардын майданы
❆ Жаңы жерлерди колонизациялоо ❆
Түндүк Африканын жана Араб жарым аралынын эбегейсиз аймактары колонизациялоо жана изилдөө үчүн ачык. Колониялар империяңызды кеңейтип, калкыңыздын санын көбөйтүп, экономикаңызды өнүктүрүп жана болуп көрбөгөндөй улуулукка жетүүгө жардам берет. Жаңы жерлерге цивилизация менен технологиянын жетишкендиктерин таратыңыз
❆ Эл аралык тегерек стол ❆
Ассамблеяларда добуш берүүгө катышып, дипломатия жана эл аралык мамилелерди терең изилдеп, дүйнөнүн тагдырын аныктоого катышып, ишенимдүү өнөктөштөр менен досторду издеңиз жана душмандардын чабуулдарын кайтаруу үчүн альянстарды түзүңүз
❆ Байлык жана өнүгүү ❆
Улутуңуздун экономикасын өнүктүрүңүз: салыктарды чогултуп, товар сатып жана экономиканы өнүктүрүү үчүн изилдөөлөрдү жүргүзүңүз. Экономикалык мыйзамдарды ишке ашыруу, экспорт менен импортту өнүктүрүү жана жарандык өндүрүштү жогорулатуу. Элиңиздин бакубаттуулугу сиздин колуңузда.
❆ Маданий үстөмдүк ❆
Диниңизди жайылтып, той-топурларды, карнавалдарды, жарманкелерди, театралдык оюндарды өткөрүп, диний жөрөлгөлөр менен турнирлерди уюштуруңуз. Бул сизге тарыхтагы эң сүйүктүү башкаруучу болууга мүмкүнчүлүк берет. Элдин курсагы менен көңүлү ток болушу керек!
Оюндун кызыгы сизди бир нече саатка арбап, дипломатиялык, экономикалык жана аскердик стратегиялык жөндөмүңүздү көрсөтүүгө мүмкүндүк берет. Оюнду офлайн режиминде ойноого болот жана бул аны каалаган убакта, каалаган жерде ойноо эркиндигин берет.
Европа 1784 оюнун азыр жүктөп алып, улуу жеңиштерге карай кадамыңызды таштаңыз. Элиңиз күчтүү жана акылдуу башчыны күтүп жатат. Тарыхта өз изиңизди калтырыңыз!
ОЮН ТӨМӨНКҮ ТИЛДЕРГЕ ЛОКАЛИЗАЦИЯЛАНГАН: англис, испан, украин, португал, француз, кытай, орус, түрк, поляк, немис, араб, италия, жапон, индонезия, корей, вьетнам, тай.
Качан жаңырды
2025-ж., 11-июл.
Төмөнкү жерде жеткиликтүү